Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

ПАУЭЛЛ ТЫНЧТЫККА ДАНАКЕР БОЛОТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 20-июнда Жакынкы Чыгыш тынчтык жараянын ыкчамдатуу максаты менен Израилге АКШнын тышкы иштер министри Колин Пауэлл келди. Америкалык дипломат Израилдин жана Палестин автономиясынын премьер-министрлери менен өз өзүнчө сүйлөшүп, тынчтык планды тайбай аткарууга чакырды.

Колин Пауэлл тараптарды белгиленген тынчтык планды эч нерсеге алагды болбой аткарууга чакырып, анын Палестин жана Израил элдери үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи:

- Биз алга жылып, Израил жана палестин элдеринин коопсуздугун камсыз кыла турган, палестиндердин жашоосун бакубат кылып, экономиканы толук кандуу иштете турган жолго түшмөйүн, бул кризисти чече албайбыз, тынчтыкка карай жол чаба албайбыз.

20-июнда Пауэлл Иерусалимде жана батыш жээктеги Йерихо шаарында премьер-министр Ариэль Шарон жана Палестин Автономиясынын өкмөт башчысы Махмуд Аббас менен өз- өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тараптарды тынчтык планын ишке ашыруу үчүн кошумча чара көрүүгө үндөдү.

Иерусалимде Шарон менен сүйлөшкөн соң өткөрүлгөн биргелешкен прессконференцияда Колин Пауэлл региондо тынчтыктын орношуна каршы чыгып жаткан палестиндердин Хамас согушкер тобун тынчтыктын душманы деп атады. 19-июнда болсо эртең менен Израилдин түндүгүндө болгон жан кечти террордук кол салууну кескин сынга алган билдирүүсүндө Пауэлл мындай деген:

- Биз террордук кол салууну сынга алабыз. Мындай террордук кол салууну жасагандар эки мамлекеттин кошуна болуп тынч жашашын каалбайт. Алар палестин элинин эгемен мамлекет болуу үмүтүн өчүрүүнү көздөшөт. Мындай терракттар алга жылышыбызга кедерги болушуна жол бербейбиз!

АКШлык дипломат премьерлерди 4-июнда АКШнын президенти Жордж Буш менен өткөн саммитте берген убадаларын кандай болбосун аткарууга чакырды.
Саммите тараптар "Жол көрсөткүч карта" деп аталган эл аралык тынчтык планды аткарууга убада беришкен. План боюнча, 2005-жылы Жакынкы Чыгышта эгемен палестин мамлекети пайда болот.

Бирок саммит аяктагандан бери региондо зордукчул аракеттер күч алып, пландын аткарылышына олуттуу коркунуч жаралды. Эки ортодогу кол салуулар менен кагылышууларда жана терракттарда эки аптадан бери эле 50дөн ашык киши курман болду. Бирок ошого карабастан, Аббас да Шарон да алган милдеттенмелерин аткарууга белсенип жатышат. 19-июнда жөөт көчмөндөрүн мыйзамсыз курулган кыштактардан сүрүп чыгууга аракеттенген израилдик аскерлер менен карапайым жөөттөрдүн ортосундагы кагылышууда 30 киши жарадар болду. 15 көчмөн камакка алынды. Иордандын батыш жээгинде курулган кыштактардын бири Мицпе Йицхар бошотулду. Бирок үй- жайы жок калганына ыза болгон көчмөндөр бүгүн алар бир кыштактан сүрүлүп ташталганы менен, эртең Палестин аймагынын башка жеринен жай таап, кайрадан үй чүргөп алууга кесенип жатышат. Эгерде мындай "мышык-чычкан" ойун уланса, жөөт кыштактарын көчүрүү иши узакка создугуп кетиши ыктымал.

Тынчтык планын аткарууда орун алып жаткан кыйынчылыктарга карабастан, Пауэл Израилдин чечкиндүү аракеттерин кубаттады:

- Израилдин айрым туткундарды бошотуу, жана мыйзамсыз салынган жөөт кыштактарын жойуу боюнча көрүп жаткан чараларына ынандым. Бул премьер министр Шарондун убадага бек тургандыгын бышыктайт. Мындай аракеттерди Палестин жетекчилиги менен бирдикте улантуу керек.

Премьер Аббастын согушкер палестиндерди сүйлөшүү жолу менен сабырдуулукка көндүрүү аракеттери азырынча натыйжа бере элек. Хамас уюму баш болгон согушкерлер оболу израилдик аскерлердин батыш жээкте жана Газада улантып жаткан рейддеринин токтотулушун талап кылып жатышат. Израил андай рейддери менен террордук кол салууларды уюштуруп жаткан согушкер палестин уюмдарынын лидерлерин жок кылууну көздөп жаткандыгын айтат. Бирок Израилдин мындай акцияларына "түшүнүү менен" мамиле кылганын жашырбаган Колин Пауэлл террорчулардын ана башчылары эмес, карапайым эл жабыркап жатканын жана рейддерден каалагандай натыйжа чыкпаганын билдирет.

XS
SM
MD
LG