Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Э.Рахмонов 2020-жылга чейин президент болуп кала берүү үчүн Конституцияны ылайыктады


Соңку маалымат боюнча, Тажикстандын конституциясын өзгөртүү боюнча жекшемби күнү болгон референдумга 3 миллиондой шайлоочунун 91 проценттен көбү катышты.
Референдум өттү деп табылыш үчүн шайлоочулардын жарымы добуш берсе жетиштүү болмок.
Конституцияга киргизилчү 50дөн көп түзөтүүлөр жана өзгөртүүлөрдүн ичинде бир адам жети жылдан эки ирет президент болуп шайланса болот деген да жобо бар. Бул жобо президент Эмомали Рахмоновдун 2020-жылга чейин бийликте калуусуна мүмкүндүк берет.
Азыр 50 жаштагы Рахмонов алгачкы ирет 1992-жылы президенттикке шайланган.

XS
SM
MD
LG