Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Бишкекте чек ара боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсү башталат


БИШКЕК. 29-июнда Бишкекте кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги сүйлөшүүлөрү башталат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов билдирди. Анын айтымында, 2-июлга чейин созулуучу сүйлөшүүлөрдүн бул жолку жүрүшүндө да кайсы документтердин негизинде чек араларды аныктоо керектиги талкууланат. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр өткөн жылдын аягында Бишкекте башталган. Андан кийин тараптар Дүйшөмбү шаарында бир жолу жолугушкан. Айрым маалыматтар боюнча, кыргыз-тажик чек ара тилкесинин узундугу - 940 чакырым, анын ичинде 40 участок боюнча талаш пикир бар.

XS
SM
MD
LG