Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Жогорку Кеңештин депутаттарына Бишкектен жер берилди


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын өтүнүчүн канааттандырып, аларга Бишкектеги эски аэропорттун жанынан жер бөлүп берүү тууралуу чечимге кол койду. Буга чейин Бишкек мэриясы үй салыш үчүн жер участогун сурап кайрылган депутаттардын он бешинин гана каалоосун канааттандырган болчу. Ошондон кийин депутаттар мамлекет башчысынын өзүнө кайрылышкан. Президент ага кайрылган депутаттардын суроосун канааттандырды. Айрым маалыматтарга караганда, парламент мүчөлөрүнө 4 гектарга жакын жер берилди. Айтмакчы, депутаттардын шаарчасын куруу идеясы экс-депутат Данияр Үсөновго таандык, бирок, саясий шартка жараша мурдагы парламент мүчөлөрү жер алууга жетишкен эмес. Азыркы депутаттар бөлүнгөн жерди ар кимиси өзү каалаганындай пайдаланышмакчы.

XS
SM
MD
LG