Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Америкалык аял киши өлтүргөндүгү үчүн 50 жылдык түрмөгө кесилди


Бүгүн Американын Техас штатынын соту Чант Мэллард аттуу 27 жаштагы аялды 50 жылдык түрмөгө кести. Ал мындай жазага машина айдап баратып, бирөөнү сүздүрүп жана ага медициналык жардам бербей өлтүргөндүгү үчүн кириптер болду. Чант Мэллард 2001-жылдын октябрь айында баңги зат сайынып жана ичимдик ичип алып машина айдап баратып, 37 жаштагы Грегори Биггсти койдуруп кеткен. Ага медициналык жардам көрсөтпөй туруп, өз гаражына алып келип таштап салгандыктан Грегори Биггс кансырап каза болгон жана андан кийин анын сөөгүн жакын жердеги паркка алып барып таштаган. Чант Мэлларддын үй-бүлөсү мындай жазаны “өтө катуу берилген жаза” деп жатышат.

XS
SM
MD
LG