Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Бүрсүгүнү жарандык коом өкүлдөрү «тегерек үстөл» өткөрүшөт


БИШКЕК. Бүрсүгүнү Жогорку Кеңештин кичи залында «Кыргызстандагы өнөктөштүктүн жана туруктуулуктун 10 принциби» аттуу «тегерек үстөл» талкуусу болот. Жарандык коом өкүлдөрү уюштуруп жаткан бул талкууда басма сөз эркиндигине, бийлик жоопкерчилигине, сот акыйкаттыгына, демократиялык өнүгүүнү камсыздоого байланышкан проблемалар көтөрүлөт. Ага укук коргоо уюмдарынын, маалымат каражаттарынын, саясий партиялардын, парламенттин жана өкмөттүн өкүлдөрү катышуусу күтүлөт. Талкууну Демократияны өнүктүрүү фондунун жетекчилери, депутат Өмүрбек Текебаев менен Төлөкан Исмаилова жана «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев менен депутат Токтокан Боронбаева алып барышат. Талкуунун акырында жыйынтыктоочу документ кабыл алынып, ал 12-июлда өтмөкчү болгон «Өнөктөштүк форумуна» сунушталат. Бүгүн бул тууралуу уюштуруу тобу кабарлады.

XS
SM
MD
LG