Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Палестинанын премьер-министри Израилдин өкмөт башчысы менен жолугушуу тынчтыкка алып келээрине үмүттөнөт


Рамаллада палестин автономиясынын аткаруучу кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө Махмуд Аббас бүгүн Иерусалимде Ариэль Шарон менен боло тургант жолугушуу коопсуздук келишимине пайдубал сала тургандыгын билдирди. Аббас жолугушууда каржы, экономика, жөөт көчмөндөрү жана согуш туткундарына байланышкан маселелер талкууланып, атайын комиссиялар түзүлө турганын айтты. Ал эми Израилдин радиосу бүгүн аскердик текшерүү пунктунда бир палестин жөөт аскерлерине кол салаарда атып өлтүрүлгөнүн билдирди. Израилдин көбүнчө мусулмандар отурукташкан Назарет шаарында израилдик бийликтер мечиттин пайдубалын бульдозерлер менен сүрдүрүп таштап жатышат жана бул окуя мусулмандар менен мусулман эмес калктын ортосундагы мамилени курчутууда.

XS
SM
MD
LG