Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:20

Оппозициялык кыймыл курултай өткөрүүгө орун сурады


БИШКЕК. «А.Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы үчүнчү элдик курултайды өткөрүш үчүн имарат сурап, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жана Өзгөн райондук администрация башчысына 2-июлда кат жөнөттү. Кыймылдын төрагасы, депутат Азимбек Бекназаровдун жума күнкү маалыматына караганда, жергиликтүү бийликтер уруксат берсе, курултай уюм сурап жаткан Мамлекеттик филармонияда, Оштогу стадиондо же Өзгөндөгү маданият клубунда өтөт. Кезектеги курултай кыймылдын аткарган иштери боюнча отчетун угат, августтун аягында боло турган Дүйнө кыргыздарынын курултайына сунуштарды даярдап, делегаттарды шайлайт. Мындан тышкары, парламенттик жана президенттик шайлоого талапкерлер тууралуу маселе талкууланат. А. Бекназаровдун айтымында, курултай август айынын ортосуна болжолдонуп, ага орто эсеп менен 500 делегат катышаары күтүлөт. Кыймылдын курамында оппозициялык маанайдагы партиялар, саясатчылар, коомдук уюмдар бар.

XS
SM
MD
LG