Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Либериянын президенти өз өлкөсүн таштап кетээрин жарыялады


Бир нече сааттан кийин АКШнын президенти Жорж Буштун бир катар Африка өлкөлөрүнө иш сапары башталат. Беш күнгө созулган иш сапары учурунда Жорж Буш Сенегал, Ботсвана, Нигерия, жана Угандуга барат. Соңку мезгилдери Вашингтон тынчтыкты камсыз кылуучу америкалык аскерлерди Либерияга жөнөтүүнү караштырууда. Буга чейин Кошмо Штаттардын президенти аталган өлкөдөгү үч жылдан бери созулган нааразылык акциясынын башкы себепкери делинген Либериянын президенти Чарлз Тэйлорду өлкөдөн чыгып кетүүгө бир нече жолу чакырган. Буга байланыштуу кечээ өткөрүлгөн маалымат жыйынында Чарлз Тэйлор коңшулаш Нигериядан баш баанек алаарын маалымдады. Ал эми Чарлз Тейлордун жогорудагыдай сөзүн аталган маалымат жыйына катышкан Нигериянын президенти Олусегун Обасанжо ырастады:

Президент Чарлз Тэйлор Нигерия тарабынан чакырылды жана ал мындай чакырууну дароо кабыл алды.

XS
SM
MD
LG