Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:59

ЖОРЖ БУШТУН АФРИКАДАГЫ САПАРЫ АЛ ЖЕРДЕГИ КӨЙГӨЙДҮ ЧЕЧҮҮГӨ ЖАРДАМ БЕРЕБИ?


Бүбүкан Досалиева, Прага Шейшембиден тарта АКШнын президенти Жорж Буш Африка өлкөлөрү боюнча сапарга чыкты. Ал бул сапары менен Африка континентинин келечегине АКШ кандай кам көрөрүн көрсөтүү максатын көздөөдө. Ал эми айрым байкоочулар Буштун сапары Африканын келечек өнүгүүсүнө кеңири жол ачабы же аны кайра бууйбу деп эки анжы ойдо болуп жатышат.

АКШнын президенти Африкадагы сапарын Сенегалдан баштады. Андан кийин Түштүк Африкага, Ботсванага, Угандуга жана Нигерияга барат. Сапарынын учурунда Американын Африка континентинде катуу жайылган СПИД оорусуна каршы күрөшүү программасы менен тааныштырып, Африка мамлекеттеринин башчылары менен 15 миллиард доллар сарптала турган программаны ишке ашыруу боюнча пикир алышат. Андан тышкары АКШнын Чыгыш Африка өлкөлөрүндөгү уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүп, экономиканы, сооданы өнүктүрүү, демократияны орнотуу демилгеси тууралуу маалыматтарды берет. АКШ президентинин пикири боюнча, бул сапар континенттеги кыйын кырдаалды жөнгө салууга өбөлгө бериши керек. Анткени, Африкадагы калктын саны жер жүзүндөгү жалпы калктын 13 процентин түзөт. Ал эми соодасынын көлөмү дүйнөлүк сооданын 2 гана процентти түзөт. АКШнын жана эл аралык финансы институттарынын миллиондогон долларлары бул жердеги билим берүү, саламаттык сактоо жана азык-түлүк тармагын өнүктүрүүгө берилген менен абал оңолгон жери жок. Абалды иликтөөчүлөрдүн баамында, буга эң ириде укмуштай жуурулушкан коррупция менен протекция жана тыштан жардам күткөн жанбактылык өбөлгө болууда.
Андан тышкары Африкада өндүрүлгөн пахтанын дүйнөлүк баасы жыл сайын төмөндөп, кирешеси текейге арзыбай барат.

«Оксфам» кайрымдуулук агенттиги жакында жарыялаган билдирүүсүндө, “эгер АКШ Африканын пахта тармагына жардам көрсөтпөсө эли ачкадан кырылат” деп жазып чыкты. Маселен, Мали пахта өнүктүрүү үчүн 2001-жылы АКШдан 37 миллион доллар кредит алган болсо, ага кеткен бардык чыгым 43 миллион долларды түзгөн. Бул жерде Мали пахтаны экспорттоодон бир тыйын тапкан эмес. Ушундан улам Малинин пахта иштетүүчү бирикмесинин президенти Мен Диалло “Эгер АКШ бизге жардам бергиси келсе, өзүнүн пахта өндүрүү тармагына бергендей суммадагы кредит берүүсү зарыл” деп билдирет.

Африкадагы кедейликтин дагы бир башаты – бул бир жерде бүтсө бир жерде башталып турган жарандык согуштар. Ага Либериядагы азыр кызуу курчуп турган согуш күбө. Ал жердеги төңкөрүшчүлөр президент Чарльз Тэйлордун кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышат. Ага АКШ да колдоо көрсөтүп, анын өлкөдөн тезинен чыгып кетүүсүн талап кылды. БУУ болсо Чарльз Тэйлор өлкөдөн чыгып кетсе аскерий трибуналдын жазасынан да качып кетет деп тынчсызданууда. Анткени, БУУ Тэйлорго мындан эки жыл мурун Сиерра-Леонедеги төңкөрүшчүлөргө колдоо көрсөткөн деген айып коюуда жана муну Сиерра-Леонанын бийлиги да талап кылууда. Тэйлор өзү АКШнын бейпилдик күчтөрү өлкөгө кирсе чыгып кетээрин жарыя кылды жана АКШ бейпилдик аскерин Либерияга жиберсе иш оңолооруна ишенгендигин билдирди:

- Биз АКШнын бул ишке катышуусун азыркы кырдаалдагы туура жана маанилүү жол деп ишенебиз. Биз алардын бул сунушун кош колдоп кубаттайбыз жана АКШнын күчтөрү келсин деп чакырабыз. Алар Либерияда тынчтыктын кайра орношуна көмөктөшөт деген ойдобуз.

АКШ азырынча Либерияга бейпилдик күчтөрдү жиберүү, коюу маселесин чече элек. Либериялыктар болсо аларды кудайындай күтүп жатышат. Алардын баамында, америкалык аскерлердин келиши менен арак менен баңгиге тоюп алып, элди талап-тоногон, аялдарды зордуктаган төңкөрүшчүлөрдүн аягы басылат жана элди башкара албаган президенттер жоголот.

Ал эми Африканын кендирин кескен СПИД оорусуна каршы күрөшүү үчүн АКШ бөлүп жаткан 15 миллиард доллардын канчасы өз багыты боюнча жумшалаары белгисиз.

XS
SM
MD
LG