Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Кыргызстанга АКШдан делегация келди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга үч күндүк иш сапары менен АКШнын Моделдештирүү жана имитациялоо боюнча маалыматтарды талдоо борборунун делегациясы келди. Адистер бул күндөрү министрликтердин жана тармактардын кызматкерлерине аскерий операциялардын колдоосу менен стратегиялык пландоо, жарандык чукул кырдаалдарда жана тынчтык орнотуучу операциялардын учурунда аскерий аракеттерди даярдоо жана талдоо боюнча семинарларды, брифингдерди өткөрүшөт. Борбордун эл аралык долбоорлор боюнча жетекчиси Кирк Мюррей жетектеген бул делегацияны бүгүн коргоо министринин орун басары Олег Чечель кабыл алды.

XS
SM
MD
LG