Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Дүйнөлүк Банк Кыргызстанда лизинг системасын өнүктүрүүгө ынтызар экенин билдирүүдө


БИШКЕК. «Дүйнөлүк Банктын алдындагы Эл аралык финансы корпорациясы Борбор Азия мамлекеттеринде лизинг системасын, башкача айтканда финансылык ижара системасын өнүктүрүүгө ынтызар», - деп билдирди бүгүн Дүйнөлүк Банктын жооптуу кызматкери Рейчел Фриман айым «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында. Анын айтымында, Кыргызстандын өндүрүшүн өнүктүрүүгө лизинг системасы дурус өбөлгө түзүп бермек, бирок Кыргызстандын Салык кодексинде анын өнүгүшүнө тоскоол болгон беренелер бар жана аларга өзгөртүү киргизүү зарыл болду. Маалымат жыйынында вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ал тоскоолдуктарды жоюу максатында Инвестициялык биринчи матрицанын алкагында «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам иштелип чыгып, ага президент Аскар Акаев быйыл 14-июнда кол койгонун айтты. Дүйнөлүк Банктын Эл аралык финансы корпорациясы Борбор Азия мамлекеттеринде лизинг системасын өнүктүрүү боюнча долбоор иштетүүдө жана анын алкагында 40 млн. доллар каражат бөлгөн.

XS
SM
MD
LG