Бүгүн Иордан дарыясынын батыш жээгинде болгон ок атышууда израилдик жоокерлер бир палестиналык жаранды атып өлтүрүштү. Дүйшөмбү күнү палестиналык радикал исламчыл топторунун өкүлдөрү үч ай бою ок атышпоо тууралуу Израил менен болгон келишимди бузуп, жөөттөргө каршы террордук жардыруу уюштурушуп, жангечти менен кошо бир жөөт аялы каза болду. Буга байланыштуу Палестинанын учурдагы өкмөт башчысы Махмуд Аббас Ясир Арафат жетектеген «Фатх» кыймылынын төрагасынын орун басарлык кызматынан кеткендигин жарыялады. Ошондой эле ал «өкмөт башчылык кызматтан да кетем» деген пикирин билдирди. Ал эми «Фатх» тобунун өкүлдөрү Махмуд Аббас Израил тарап менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнө нааразылыгын билдиришүүдө.