Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

Берлинде бүгүн "Махабат жүрүшү" өтүп жатат


Парадды түш ченде Европанын ар тарабынан жүк ташыгычтар менен келген диск жокейлер башташууда. Алар "махабат эрежелери" деген темада соңку техномузыканы ойнотушат. Дөңгөлөк үстүндөгү кырк сахнаны коштоп, параддын катышуучулары "Бранденбург" дарбазасынан борбордук көчө менен "Эрнест Ройтер" аянтына чейин оюн коюп барышат. Былтыр катуу жаан жаап, парадга 700 миң гана киши келген. 2000-жылы фестивалга 2 миллиондон ашык киши катышкан.
Бүгүн Берлинде асманды бир аз булут каптап, бирок күн 24-25 градус болуп турат.


Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG