Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Германия Бундестагынын делегациясы иш сапарын Оштон баштады


ОШ. Делегацияга Бундестагдын экономикалык кызматташтык комитетинин мүчөлөрү кирип, аларды депутат Маркос Ленинг баштап келген. Оштогу иш сапарынын учурунда алар Ош облусунун губернатору Накен Касиевдин кабыл алуусунда болуп, облустун бүгүнкү социалдык-экономикалык акыбалы, эл аралык инвестиция тартуу багытындагы иштер боюнча кеңири маалымат алышты. Андан соң Кризистердин алдын алуу боюнча эл аралык топтун Түштүк региону боюнча даярдаган отчет-доклады менен алардын Оштогу кеңсесинде таанышып, айрым маселелер боюнча тактама маалыматтарды алышты. Германия менен Ош облусунун ортосундагы болочок кызматташтык жөнүндө азырынча конкреттүү эч нерсе деле айтылган жок. Германиялык делегация ушул эле күнү Бишкекке жөнөп кетти.

XS
SM
MD
LG