Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:16

АКШнын бюджетинин таңсыктыгы өсүүдө


АКШнын быйылкы бюджетиндеги таңсыктык 455 миллиард доллар болууда. Бул тууралуу кечээ АКШ администрациясынын бюджет департаментинин башчысы Жошуа Болтен кабарлады. Анын айтымында, келерки жылы бюджеттин таңсыктыгы 475 миллиард долларга жетиши мүмкүн. Жошуа Болтендин айтымында, буга АКШнын экономикасынын өтө жай өнүгүүсү жана терроризм менен күрөшүүгө каражаттын көп чыгымдалып жатканы башкы себеп болууда. Ушул эле күнү АКШнын борбордук банкынын федералдык өнүгүү системасынын башчысы Алан Гринспен жыл аягына чейин экономикада өсүү болорун, бирок, өнүгүү мурда болжолдонгонго караганда өтө эле жай болуп жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG