Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:19

Майлысуудагы уран калдыктарына Орусиянын акча бөлүшү күмөн боло баштады


БИШКЕК. «Майлысуудагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу иштерине Орусиянын Атом энергетика министрлиги акча бөлүүдөн баш тартты», - деп маалымдады бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жаныш Рустенбеков. Бул тууралуу Орусиянын атом энергетика министри Александр Румянцев кыргызстандык делегация менен 2-8-июлда Москвада жолугушканда билдирген. Жаныш Рустенбековдун айтымында, Александр Румянцев: «Майлысуудагы уран калдыктары анчалык коркунучтуу эмес жана Кыргызстандын жетекчилиги бул маселени жөн эле дүйнөгө чуулдатып жатат», - деп айткан. «Ошол себептүү Орусия убада кылган 40 миң доллар каражат Кыргызстандын колуна тийери күмөн», - дейт Жаныш Рустенбеков.
Кыргызстандын жетекчилиги Майлысуудагы уран калдыктарын зыянсыздандыруу иштерине 45-50 млн. доллар каражат керектигин айтып, дүйнөлүк коомчулукка жана Орусияга кайрылган
XS
SM
MD
LG