Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

АКШнын Ирактагы аскерлерине кол салууларды тыюуга убакыт керек


АКШнын Ирактагы аскерлерине каршы чабуулдун тыйылышы үчүн дагы бир топ убакыт керек, - деп билдирди бүгүн АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл. Бул сөздү Колин Пауэлл акыркы кезде тынымсыз болуп жаткан Ирактагы АКШлык аскерлерге кол салууларга байланыштуу айтты. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Ирактагы АКШ баш болгон коалициялык күчтөрдүн башкы милдети - бул өлкөдө коопсуздукту жана мамлекеттик бийлик системасын калыптандыруу деп айтты. Ал Ирактан коалициялык күчтөрдү чыгаруунун мөөнөтү так белгилениши керектигин, бул ирактыктардын толук эгемендүүлүккө ээ болуу каалоосун канааттандыруу үчүн өтө маанилүү экендигин эскертти. Ишембиден тарта Ирактын жаңы аскерине кызматка чакыруу башталды. Жаңы аскер Саддам Хусейиндин аскерлери жайгашкан имараттарды ээлемекчи. Алгачкы аскерий бөлүк 1 миң кишиден турат, андан кийинки эки жылдын ичинде анын саны 40миңге жеткирилмекчи. Ирактагы коалициялык күчтөрдүн билдирүүсүнө караганда, жаңы куралдуу күчтөрдүн катарына Саддам Хусейиндин атайын кызматында жана гвардиясында кызмат өтөгөндөр алынбайт.

XS
SM
MD
LG