Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Ооганстанда ок атышуу болду


Талибан аскерлери болуп чыгышы ыктымал болгон, 60ка жакын кишиден турган куралдуу топ Ооганстандын түштүгүндөгү чек ара бекетине чабуул жасашып, андан кийн Пакистан чегине качып кирип кетишкен. Ооган өкмөтүнүн расмий өкүлү Халик Хан Ачекзайдын маалыматы боюнча чек ара бекетинде 3-4 саат катуу аткылашуу болуп, чек арачыларга Кандагардан 100 ооган жана 20 АКШ аскери жардамга келген. Чабул салгандардын экөөсү өлүп, бешөөсү жарадар болду. Ооган өкмөтүнүн маалыматы боюнча талип аскерлеринин калдыктары Пакистандын Ооганстан менен чектеш аймактарында жашынып жүрөт.

XS
SM
MD
LG