Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

Иракта АКШ аскерлери дагы окко учту


Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарына жакын Тал Афар деген жерде АКШнын аскерлерине бүгүн дагы кол салуу болуп, андан эки жоокер набыт , ал эми бирөөсү жарадар болду. АКШлык аскерлер гранатомет жана мылтыктар менен аткыланган. Жекшембиде Багдад аба майданына жакын жерде америкалык аскерлердин автоунаасы кырсыкка учурап, андан бир жоокер каза таап, экөөсү жараат алды. Ушуну менен 20-мартта согуш башталгандан бери Иракта каза болгон Америка аскерлеринин саны 152 ге жетти. Бириккен Улуттар Уюмунун гуманитардык жардам көрсөтүү уюмунун кызматкерлерине кол салуудан уюмда иштеп жаткан ирактык айдоочу каза болуп,бирөөсү жараат алганы кабарланды. «Ассошейтед пресс» агенттигинин кабарлоосуна караганда, Нажиф шаарында 10миңдей шийтт нааразылык акциясына чыгышып, америкалык аскерлердин кетишин талап кылышты. АКШнын командачылыгынын маалымдоосуна караганда жакын арада, Иракта 6миң 500 кишиден турган жарандык коргонуу күчү түзүлүп, алар коалициялык күчтөр менен биргеликте коомдук тартипти камсыздоого чыгышат.

XS
SM
MD
LG