Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык жарандын өлүмүнө өзбек тарап жооптуу деп эсептейт


БИШКЕК. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз-өзбек чек арасында 16-июлда адам өлүмүнө алып келген ок атууга байланыштуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин нотасына жооп иретинде нота жолдоду. Ал кечээ Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисине тапшырылды. Нотада Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин 21-июлда жөнөткөн нотасы натуура катары бааланган. Эки өлкөнүн чек ара кызматчыларынын кырсык болгон күнкү жолугушуусунун протоколуна негизденүү менен, Өзбекстан кыргызстандык Адылжан Үркүнбаевдин өлүмүн анын мыйзамсыз аракеттери менен байланыштырып, кыргыз тарапты айыптаган. Жооп-нотада Тышкы иштер министрлиги чек арачылардын жолугушуусунун чыныгы протоколун жөнөттү. Анда Карасуу чек арасында болгон ок атуу боюнча биргелешип иликтөө жүргүзүү жана чечим чыгарыш үчүн иликтөөнү тиешелүү органдарга тапшыруу, чек арада мыйзамсыз иш менен алектенген жарандарга тиешелүү чара көрүүнү суранган катты эки тараптын тең жергиликтүү органдарына жөнөтүү белгиленген. Нотада ошондой эле 16-июлда окко учкан кыргыз жараны үчүн өзбек тарап жооптуу экени, тынч күндөрү курал колдонуу Өзбекстандын нотасында белгиленген себептер менен акталбастыгы айтылган. Министрлик ошондой эле жооп-нотада мурдагы талаптарды кайталаган. 18-июлдагы нотада министрлик башка талаптар менен катар эл аралык нормалардын мындан ары сакталышы үчүн Өзбекстандын ок аткан чек арачысына тиешелүү чара көрүүнү талап кылган. Бул тууралуу бүгүн министрликтин маалымат кызматы маалымдады.

XS
SM
MD
LG