Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Сентябрь айында жергиликтүү шайлоолор өтмөк болду


БИШКЕК. Быйыл 21-сентябрда Кыргызстанда жергиликтүү бийлик органдарына шайлоолор өтөт. Бул күнү Нарын облусунун Жумгал районунун Чоңдөбө, Куйручук, Ташдөбө, Түгөлсай, Кызылжылдыз, Чаек айыл кеңештерине депутаттарды жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо, Ысыккөл облусунун Каракол шаардык, Аксуу райондук кеңешине, Чүй облусунун Токмок шаардык жана Чүй райондук кеңештерине депутаттарды шайлоо болот. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү отурумунда 21-сентябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын Кошбулак айыл кеңешинде, Кадамжай районунун Орозбеков айыл кеңешинде жана Лейлек районунун Аксуу айыл кеңешинде өтөөрү чечилди. Ал эми 7-сентябрда шайлоо Жалалабад облусунун Чаткал районунун Канышкыя айылдык кеңешинде, Тогузторо районунун Тогузторо айыл кеңешинде, Майлысуу шаарынын Көкташ кыштактык башкаруусуна шайлоолор боло тургандыгы тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу маалымат бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынан алынды. Президент Аскар Акаев жергиликтүү шайлоолор жөнүндөгү жардыкка 21-июлда кол койгон.

XS
SM
MD
LG