Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

29-июлда Республикалык жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгарылат


БИШКЕК. Билим жана маданият министирлигинин базасында АКСЕЛС уюму тарабынан өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөгө 34 миңге жакын абитуриент катышып, кирүү баллы 105 тен жогору болду. 20 миңден ашуун талапкер жогорку окуу жайларына кирүү талондорун тапшырышкан. Абитуриенттердин басымдуу бөлүгү тапшырган Кыргызстандагы эларалык университетинде бир орунга 41, Кыргыз – Россия славян университетине бир орунга 22 адам туура келген. 7-июлдан –15-июлга чейин 1-тур өткөрүлүп 2318 абитуриент, 2-тур 16-июлдан19-июлга чейин өткөрүлүп 2190 абитуриент, 3-турда 778 абитуриент комиссиянын элегинен өтүп, окуу жайлардын бюджеттик бөлүмүнө кирүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. 29-июлда республикалык жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгарылып, сынактан өткөн абитуриенттер жогорку окуу жайларына кабыл алынат. Жалпы тестирлөө өткөрүлгөн учурда анын жоболорун жана ага байланыштуу мыйзамдарды бузуу болгон жок, – деп билдирди билим жана маданият министирлигинен.

XS
SM
MD
LG