Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Уйгурлардын курултайы өттү


БИШКЕК. 28-июлда Бишкекте Кыргызстанда жашаган уйгурлардын бешинчи курултайы өттү. Ага Кыргызстандын региондорунан 350 делегат катышты. Курултайда уйгурлардын «Иттипак» коомунун төрагасы Розмухамбет Абдулбакиевдин отчету талкууланды жана төрагага ишеним көрсөтүлүп, кайра шайланды. Абдулбакиевдин билдиришинче, акыркы учурларда сепаратисттерге байланыштуу катталган кылмыштуу фактылар маалымат каражаттарында кылмышкерлердин жалпысынан уйгур деп атап жатышы жалпы улуттун аброюна доо кетирүүдө. Ушул маселени эске алууну суранып «Иттипак» уюму өткөн жылы мамлекеттик катчыга кат жолдогон. Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 50 миң уйгур жашайт. Ал эми бейрасмий булактарда алардын саны эки эсе көп деп айтылып жүрөт.

XS
SM
MD
LG