Либерияда козголоңчулар АКШнын ок атышууну токтотуп, өз отряддарын өлкөнүн башкалаасы Монровиядан алып кетүү жөнүндөгү чакырыгын четке какты. Шаардагы кырдаал улам татаалдашууда. Козголоңчулар менен өкмөт аскерлери согушуп жаткан аймакта бир миллиондой качкын бар. Тамак-аш жана таза суу тартыш. Өлкөнүн президенти Чарльз Тейлор бейпилдик күчтөрү келсе эле кызматтан чегинүүгө даяр экенин айтып жатат. Батыш Африка өлкөлөрү Либерияга өз аскерлерин жиберүү маселесин талкуулоодо жана бирок соңку чечим кабыл алына элек. Ал эми АКШ өз контингенти качан ок атышуу токтоп, президент Тейлор өлкөдөн чыгып кеткенде гана кирерин билдирүүдө.