Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Израил-палестин чек арасында демонстранттар жөөт аскерлери менен кагылышты


Израил менен Йордандын батыш жээгиндеги палестин аймактарын бөлүүчү дубалдын курулушуна каршы өткөрүлгөн нааразылык акциясы учурунда чет өлкөлүк беш жаран жаракат алды. Жөөт аскерлерине дубалдын эки жагына топтолгон 300дөй демонстрант Анин деген кыштактын жанында дарбазаны кулатууга аракеттенгенде аларды таратуу үчүн желим ок жана көздөн жаш агызчу газ колдонууга тура келди. Израил дубал өлкө аймактарына палестин экстремисттеринин кирүүсүн алдын алууга жардам берет деп эсептейт. Израил менен Палестинаны бөлгөн дубалдын курулушуна байланышкан маселе жөөт өкмөт башчысы Ариель Шарондун АКШ президент Жорж Буш менен болуучу жолугушуусунда да талкууланары күтүлүүдө. Жорж Буш аталган дубалдын курулушун проблема катары баалаган. Шарондун АКШдагы визити алдында Израилдин өкмөтү абактан 540 палестинди чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Алардын ичинде исламчыл уюмдар менен палестин лидери Ясир Арафаттын ФАТХ кыймылынын төрт жүздөн ашуун мүчөсү бар. Түрмөдөгү миңдеген палестиндерди бошотуу - Израил менен үч айга утурумдук элдешүү жарыялаган палестин согушчан топторунун негизги талаптарынын бири.

XS
SM
MD
LG