Линктер

жума, 23-июнь, 2017 Бишкек убактысы 18:26

Ирандын вице-президенти журналист Захра Каземи киши колдуу болушу мүмкүн экенин ачыктады


Али Абтахинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Канаданын теги ирандык журналисти Захра Каземи ур-токмоктун айынан каза тапкандай. Муну менен Ирандын жогорку даражалуу расмий өкүлү алгачкы ирээт журналист Каземи киши колдуу болушу мүмкүн экенин ачык айтууда. Бүгүн эле маркум Захра Каземинин энеси жергиликтүү гезиттердин бирине берген маегинде аны кызынын сөөгүн Канадага жиберүү жөнүндөгү талаптан баш тартууга мажбурлашканын билдирген. Фотожурналист Каземи июнь айынын соңунда, Тегеранда антиөкмөттүк толкундоолордун катышуучулары отурган түрмөнү сүрөткө тартып жаткан кезинде камакка алынып, 10-июлда түрмөдө каза тапкан.

XS
SM
MD
LG