Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Иран соту эки кишине «кудайга каршы чыкты» деп айыптоодо


Иран сотунун бүгүнкү маалымдоосуна караганда, Ширазда жакын арада болгон демонстрацияга катышкандыгы үчүн кармалган эки кишиге «Кудайга каршы чыкты» деген айып коюлду. Жергиликтүү соттун судьясы Хусейин Али Амири кармалган кишилерге ушундай багыттагы өкүмдү чыгарды. Бирок айыпталгандар муну Ирандын жогорку сот инстанцияларында жокко чыгаруу үчүн, апеляциялык арыз жазып кайрылышмакчы. «Кудайга каршы чыккандагы» үчүн айыпталгандар Иранда өлүм жазасына тартылат, же өлкөдөн чыгарылып жиберилет.
Ирандын жогорку рухий лидери аятолла Али Хаменейи саясий нааразылык акцияларына чыккандыгы үчүн кармалган студенттерге мунапыс берээрин бүгүн эртең менен билдирген. Өткөн айларда Иран студенттери өкмөттү кызматтан кетирүү, демократиялык реформаларды өткөрүү талаптары менен демонстрацияга чыгышкан. Анда кармалган 100дөн ашуун студент ушул жумада соттолууга тийиш эле.

XS
SM
MD
LG