Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Кыргызстандын коргоо министри менен Кытайдын элчиси ШКУнун аскердик машыгуусу тууралуу маалымат беришти


БИШКЕК. Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө болгон Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Орусиянын жана Кытайдын аскердик машыгууларынын 2-бөлүгү 10-августтан 12-августка чейин Кытайдагы Или аймагында өтөт. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын коргоо министри Эсен Топоев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Хун Цзюинь менен жолугушкан соң журналисттерге билдирди. Элчинин мөөнөтүнүн бүтүп баратышына байланышкан бул жолугушууда тараптар кыргыз-кытай аскердик кызматташтыгы тууралуу ой бөлүштү. Коргоо министринин айтымында, эртең Казакстанда башталып жаткан аскердик машыгуулар экстремизмге жана терроризмге каршы күрөштө пайда болгон проблемаларды жеңилдетүүгө көмөктөшөт жана ар бир мүчө-мамлекеттин өз алдынча тыянак чыгарышын шарттайт.
Ал эми Кытай элчисинин сөзү боюнча, ШКУга мүчө мамлекеттердин биргелешкен ушундай аракеттери гана терроризмге каршы күрөштө жеңишке жеткирет. Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Кытайда улана турган ШКУнун аскердик машыгуусуна Эсен Топоевдин да катышуусу күтүлөт.

XS
SM
MD
LG