Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Американын кино жылдызы губернаторлукка аттанды


Голливуддун жылдызы, Республикачылар партиясынын мүчөсү Арнолд Шварценеггер Калифорния штатынын губернаторлугу үчүн ат салыша тургандыгын кечээ күнкү телешоуда билдирди. Ал эми Калифорниянын азыркы губернатору Грей Дэвис кызматынан атайын өткөрүлгөн референдумдун негизинде кетиши мүмкүн жана анын кетишин талап кылган миллион тургундун колдору чогултулган. Кызматтан кетирүүгө Калифорния штатынын финансылык кыйынчылыкка туш болгону өбөлгө болууда. Референдум маалында шайлоочуларга Грей Дэвиске ишенээр-ишенбесин билдирүү жана губернатор болом деген талапкерлердин бирин тандоо укугу берилет. Эгер губернаторго ишеним көрсөтүлбөсө, анда эң көп добуш алган талапкерлердин бири губернатор болуп калат. Мындай ыкма менен 1921-жылы Дакотанын губернатору тандалган. Калифорниянын губернаторлугуна талапкерлердин арасында “Хастлер” аттуу эротикалык журналдын редактору Ларри Флинт да бар.

XS
SM
MD
LG