Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Кыргызстандын ИИМ органдарын реформалоо программасы


БИШКЕК. Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар Европадагы коопсуздук жана кызматаштык уюмунун көмөгү менен иштелип чыккан Кыргызстандын ички иштер органдарын реформалоо программасынын 7-бөлүгүн алып салуу сунушун билдиришүүдө. «Граждандык коом коррупцияга каршы», «Интербилим», Адам укуктары боюнча кыргыз бюросу жана бир катар коомдук, укук коргоо уюмдары сентябрь айында Жогорку Кеңеште аталган долбоор боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү талап кылышат. Бул жөнүндө жума күнү «Граждандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, ЕККУнун бул программасына байланыштуу маселе Голландия парламентинде каралышы ыктымал. 7-августта ЕККУнун азыркы төрагасынын полиция иштери боюнча кеңешчиси Ричард Монк менен кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаев ички иштер органдарын колдоо программасын ишке ашыруу тууралуу меморандумга кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG