Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Кыргызстанга түркиялык тартип коргоочулар келмек болушту


БИШКЕК. 13-августта Түркиянын ички иштер министринин орун басары Музафар Эжемиш баштаган делегация Кыргызстанга иш сапары менен келиши болжолдонууда. Делегацияны ушул эле күнү ички иштер министринин биринчи орун басары Болотбек Раимбердиев кабыл алат. Иш сапарынын учурунда делегация Бишкектеги Милиция академиясында, Чүй облустук, Ысыккөл райондук, Балыкчы шаардык ички иштер кызматтарында болушат. Иш сапарынын акырында ички иштер министрликтеринин ортосунда кадрларды алмашып окутуу, материалдык-техникалык кызматташтык тууралуу макулдашууларга кол коюлат. Мындан тышкары, делегация түркиялык ички иштер кызматкерлерин Ысыккөлдө эс алдыруу жана анын эсебинен Кыргызстандын ички иштер кызматына техникалык колдоо көрсөтүү маселесин да талкуулашат. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG