Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Кыргыздардын дүйнөлүк экинчи курултайына 20 өлкөдөн өкүлдөр катышаары белгилүү болду


БИШКЕК. 31-август - Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргызстандын бардык аймактарында бир катар маданий, майрамдык салтанаттар өткөрүлөт. Билим берүү жана маданият министрлигиндеги Кыргыздардын дүйнөлүк экинчи курултайын уюштуруу комитетинин кабарына караганда, 31-августта өткөрүлүүчү бул иш-чарага дүйнөдөгү 20 өлкөдөн 200гө жакын делегат катышат. Кыргызстандын Билим берүү жана маданият министрлигинин маданият башкармалыгынын жетекчиси Тамара Обозбекованын айтымында, эгемендүүлүк күнүнө карата Талас облусунда «Манас» операсы, Бишкектеги «Манас» айлында «Айчүрөк», Жалалабад облусунда «Курманбек» опералары коюлат. Мындан тышкары, Бишкекте «Барсбек» жана «Баласагын» операларын коюу пландаштырылууда. Учурда Талас облустук администрациясы «Манас» операсын коюга 300 миң сом, ал эми Финансы министрлиги «Барсбек» операсынын коюлушуна 300 миң сом бөлүп берди.

XS
SM
MD
LG