Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН ЖЫЛЫН БЕЛГИЛӨӨ БАШТАЛДЫ


Өткөн аптада Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы белгилене баштады. 28-31-августта болсо Чолпоната шаарында Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайы өткөнү турат.

2003-жылды Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы катары белгилөө боюнча чечим Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 57-сессиясында кабыл алынган. Ал эми «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө 2200 жыл болду» деп, аны тактап, конкреттештирүү иши Кыргызстандын өзүндө чечилген. Мына ушул датаны белгилөө боюнча алгачкы иш-чаралар өткөн аптада «Мээрим» фондунун төрайымы, президенттин жубайы Майрам Акаеванын «Үмүттүн шооласы өчпөйт» деген китебинин тушоосун кесүү жана Чолпонатадагы балдардын ден-соолугун чыңдоочу жайды ачуу аземи менен башталды.

Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун айтымында, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөө - шаан-шөкөтүү той-торопо өткөрүү эмес, кыргыз мамлекетинин атын дүйнөгө таанытып, кыргыз элинин түпкүлүктүү журт экенин билдирүү болуп эсептелет:

- «Жалаң эле тойлоп, майрам кылат экенбиз» деген сөздү айтып жатышат. Жок, андай эмес. Кыргыз мамлекеттүүлүгү деген ушул – кантип кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдайбыз? Ошол биздин 2200 жылдык тарыхыбыз бар экен, аны жыйынтыктап келип, биз ойлонушубуз керек. «2200 жылдан кийин бутуна туруп жаткан эгемен мамлекетибиздин туусун кантип бийик көтөрөбүз? Кантип мамлекетибиздин жерпайын бекемдейбиз?» деген маселе ар бир кыргыздын мойнунда турган чоң милдет болушу керек.

Осмонакун Ибраимовдун сөзүнө караганда, кыргыз мамлекетин, кыргызды дүйнөгө таанытуудагы негизги иш-чара «CCN» телеканалында жүгүртүлө турган Кыргызстан жөнүндөгү рекламалар болуп эсептелет:

- Журналисттер жакшы билет, Американын «CCN» деген телекомпаниясы бар. Аны 100 млн. адам көрөт. Ал каналда Кыргызстан жөнүндө глобалдык маалымат өнөктүгү башталат жана Кыргызстан жөнүндө 300 жолу реклама кетет. Рекламанын акчасы 107 миң доллар болду жана аны бюджетке күч келтирбей, ишкерлердин, спонсорлордун күчү менен төлөп бердик. Бул реклама - Кыргызстан үчүн чоң арнамыс болду.

Дагы бир маанилүү маселе Франциянын Сорбонна университетинде өтүүчү жыйын болуп эсептелет. Ага Франциянын президенти Жак Ширак менен кыргыз президенти Аскар Акаев катышмакчы.

- Франциянын борбору Париждеги Сорбонна университетинде Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн жылына арналган жыйынтыктоочу илимий конференция өтөт. Ага президенттер Жак Ширак менен Аскар Акаев катышат деген үмүтүбүз бар. Азыр ал боюнча иштер жүрүп жатат, - дейт Осмонакун Ибраимов.

Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүүгө мамлекеттик бюджеттен эч кандай каражат каралган эмес. Ошондуктан, чет жерде жашап туруп, курултайга чакырылган кыргыздар Бишкекке чейинки жол кирени өздөрү табышы керек. Ал тууралуу курултайды өткөрүү боюнча штабдын жооптуу катчысы Азимжан Ибраимов маалымдады.

- Бүгүнкү такталган маалымат боюнча, курултайга чет мамлекеттерде жашаган 200гө жакын кыргыздар катышканы турат. Бул иш-чараны мамлекеттик бюджеттен бир тыйын албый, спонсорлордун жана башка булактардын эсебинен өткөрүү каралган. Курултайдын чет мамлекеттен келаткан делегаттары жол киресин өздөрү төлөйт. Ал эми Бишкекке келгенден кийинки тамак-ашы, жатак акысы Кыргызстандын эсебинен жүргүзүлөт, - дейт Азимжан Ибраимов.

XS
SM
MD
LG