Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Пакистандын президенти Исламабадда Индиянын парламентарийлери менен кездешти


Жолугушуу Пакистан менен Индиянын ортосундагы узактан берки чатакты жөнгө салуунун жолдору талкууланып жаткан конференция учурунда болду. Ага эки жактан тең парламентарийлер менен журналисттердин жоон тобу катышууда. Президент Мушараф дүйшөмбү күнү анын өлкөсү Индия менен тынчтыкка жетүү үчүн колдон келгендин баарын жасарын билдирген эле. Ал эми Пакистандын тышкы иштер министри Куршид Касури конференциядагы бүгүнкү сөзүндө тараптар талаш маселелерди, анын ичинде Кашмир чатагын согуш эмес, сүйлөшүү жолу менен гана чечиш керектигине басым жасады.

XS
SM
MD
LG