Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Аргентинадагы аскерий кылмышкерлер жазаланат


Бул өлкөнүн парламенти аскерий хунтанын мүчөлөрүнө мындан 20 жыл мурун берилген мунапысты жокко чыгарды.Аргентинаны 1976-жылдан 1983-жылга чейин башкарган аскерий хунтанын өкүлдөрү адам укуктарын бузган миңдеген фактылар, кыйноолор үчүн жаза алышы керек. Бул мезгил ичинде ал кездеги режимге каршы болгон 30 миң адам дайынсыз жоголгон. Өз кезегинде хунта мүчөлөрүнө мунапыс өлкөдө ич ара согуш чыгып кетпесин деп берилген эле. Жаңы президент Нестор Кирхнер бийликке келгенден кийин күнөөлүүлөр жаза ала тургандыгын убада кылган.

XS
SM
MD
LG