Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Түркмөнстанда президенттик шайлоо күтүлөт


АШХАБАД. Түркмөнстандын президенти келерки бир нече жылдын ичинде өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүлүшү мүмкүн экенин билдирди. Ниязов бул жөнүндө парламентте билдирүү жасап, шайлоо 2005-2006-жылдарда боло тургандыгын айтты. "Президенттик шайлоо өткөрөбүз. 2005-2006- жылдарда бул маселе Элдик Кеңеште талкууланат. Дүйнөдө эч нерсе түбөлүк эмес. Өлкөнүн президенти да алмашууга тийиш," - деди Ниязов.
Бүгүн Түркмөнстандын парламенти өлкөнүн президентине 40 жаштан 70 жашка чейинки жарандар ат салышууга укуктуу экенин бышыктаган мыйзамды кабыл алды. Сапармурад Ниязов 1991-жылы өлкөнүн алгачкы президенти болуп шайланган ал эми 1999- жылы өлкөнүн парламенти- Элдик Кеңеш президентке өмүр өткүчө мамлекет башчысы болуу укугун ыйгарган болчу. Элдик Кеңешке өлкөнүн ар кайсы жерлеринен шайланган 2500 депутат мүчө.

XS
SM
MD
LG