Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Ирак боюнча жаңы резолюция кабыл алды.


Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши кечээ күнү кечинде Ирак боюнча жаңы резолюция кабыл алды. Кеңештин 15 мүчө-мамлекетинин он төртү аны жактырды жана Сириянын гана өкүлү добуш бербестен калыс калды. Резолюция боюнча Бириккен Улуттар Иракта мындан бир ай мурда түзүлгөн жана Башкаруучу кеңеш деп аталган убактылуу өкмөттү тааныйт жана Иракта 12-айлык мөөнөткө Бириккен Улуттардын көмөк көрсөтүүчү миссиясы түзүлөт. Анткен менен, дүйнөнүн араб мамлекеттерин бириктирген Араб лигасы мурда Ирактын Башкаруучу кеңешин таануудан баш тарткан. Кеңешке 25 адам кирет жана ал Ирактагы америкалык башкаруучулуктун көзөмөлү алдында түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG