Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:43

«Ар намыс» партиясы эларалык уюмдарга кайрылат


БИШКЕК. «Ар намыс» партиясы Феликс Куловду 10 жылга эркинен ажыраткан Биринчи Май райондук сот өкүмүн Жогорку сот күчүндө калтырганы тууралуу Эларалык сотко жана укук коргоо уюмдарына кайрылат. Партия Жогорку Сот чечими бийликтин жолдомосу менен чыгарылды деп эсептейт.

- Жогорку соттун мындай чечим чыгараарын биз алдын-ала эле билгенбиз. Бул, биринчиден, бийликтин Куловго каршы мамилесинин өзгөрбөгөнүнүн белгиси. Сотто мыйзам бузууларга жол берилип, Биринчи Май райондук сотунун өкүмү жана Бишкек шаардык сот чечимин күчүндө калтырышы түздөн-түз саясий буйрук. Ал буйрукту Жогорку сот жүз пайызга аткарды. Биз эми сот тууралуу эларалык укук коргоо уюмдарына, демократиялык мамлекеттерге кайрылуу жолдойбуз. Конститутциялык сотко арыз менен кайрылабыз», - деп билдирди партия төрагасынын орунбасары Эмил Алиев 16-августта.

XS
SM
MD
LG