Украйнанын Донецк шаарында үстүбүздөгү аптанын ичинде үч журналистке каршы чабуул жасалды. Он төртүнөн 15-августка караган түнү "Золотой скиф" аттуу журналдын башкы редакторунун орун басары Васил Васютин көчөдө катуу сабалып кеткен. 12-августта шаарда - АКШ тарабынан каржыланган радионун журналисти Эдуард Малиновский сабалган жана ал окуяны изилдеп жүргөн журналист Сергий Кузин 14-августа ур-токмокко кабылган. Үч журналист тең азыр ооруканада.