Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Индонезияда 5-августтагы жардырууга байланыштуу кармалгандардын аты аталды


Индонезиянын полициясы бүгүн 5-августта Жакарта шаарындагы "Мэрриот" мейманканасын жардырган деп шектелип кармалган 10 кишинин атын ачыкка чыгарды. Мейманкананы жардыруудан 12 киши набыт болуп, 150сү жаракат алышкан. Полициянын маалыматы боюнча, 5-августтагы жардырууну жасагандардын өткөн жылы Бали курортундагы 202 кишинин өмүрүн алып кеткен жардырууга да тиешеси бар. Алар "Жамаа исламия" диний уюмунун мүчөлөрү. Жакында эле Тайландда кармалган Хамбали "Мерриот" мейманканасын жардырууну уюштурууга 45 миң доллар сарптаганы да маалымдалууда.

Айданбек Акмат уулу, Прага

XS
SM
MD
LG