Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

КУРУЛТАЙГА 300 ДЕЛЕГАТ КАТЫШАТ, ДЕМОКРАТИЯ КОДЕКСИ КАБЫЛ АЛЫНАТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек 26-августта Чолпоната шаарында кыргыздардын дүйнөлүк экинчи курултайы болот. Ага Кыргызстандан 170 жана чет мамлекеттерден келген 130 делегат катышмакчы. Курултайда кыргыз бийлиги тарабынан сунушталып жаткан демократиялык кодекс талкууга коюлуп, добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Ошондой эле бул курултай учурунда Аскар Акаевдин бийлик мөөнөтүн 2007- жылга дейре узартуу жөнүндө да сөз козголот деген божомолдор айтылууда.

Кыргыздардын дүйнөлүк биринчи курултайы он бир жыл мурда өткөн. 26-августта баштала турган экинчи курултайда, чет өлкөлүк меймандарды эсептебегенде, 300 делегат болоору күтүлүүдө. Четте жашаган кыргыздардын Кыргызстан менен карым-катышы, Кыргызстандын жашоо-шарты, ийгилик-кемчиликтери тууралуу сөздөн сырткары курултайда «Демократиялык кодекстин» кабыл алынышы күтүлөт. Бул кодекс демократиялык коопсуздук кеңеши тарабынан иштелип чыкты. Бир катар басма сөз каражаттарында жарыяланып, бийлик тарабынан коомчулуктун талкуусуна коюлду. Бул кодексти жактоочулардын бири, президенттин коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков мындан бир ай мурун эмнегедир талкууга ой-пикирлер аз түшүп атат деп капа болгон. Анын оюнда, демократиялык кодекс кыргыздын эски салт-санааларын, кулк-мүнөзүн эске алуу менен жазылды:

- Кыргыз элинин байыртан калыптанган элдик каадаларын демократия менен жуурулуштуруп турмушка кийириш керек. Илгери кыргыздар качан аялды сабап, ага катуу сөз айтчу эле. А кыздарыбыз кыска көйнөк кйиип албууттанып каяша айтышчу эле. Бул кодексте адамдарга нарк-насилдик жактан көп насаатар бар. Мисалы, «өзүңдү эр ойлосоң бирөөнү шер ойло» деген өңдүү.

Бул кодекс 300 кишинин добушу менен турмушка кирет. Эң ириде адеп-ахлактык жана этикалык эреже болуу менен коомдук бир пикирге келүүнү билдирет. Болот Жанузаков:

- Демократия десе эле айрымдар ойлойт экен, өтүгүмдү төргө илем деп. Андай болбойт да. Калкты да, жанындагыларын да сыйлаш керек. Демократиялык кодексте абдан жакшы сөздөр бар. Алар эгер айрымдарга кулак кагыш болсо экен деп атабыз. Эгер адам кодексте жазылганга каршы иш жасаса, эл алдында моралдык жактан күнөөлүү болот.

Бирок, «Демократиялык кодекс» кыргыз журтчулугунда анчейин колдоо таба алган жок. Аны сындап, зарылдыгы жок деген пикирлер арбын. Жогорку Кеңеш депутаты Кубатбек Байболов демократияны орнотууда кандайдыр бир эреже ойлоп таап кереги жок деген ойдо. Демократияны оорулууга дарыны өлчөп сайган өңдүү Кыргызстанга да өз мезгили жана өлчөмү менен орнотуу керектигин айтат.

Ал эми «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилова бул кодекстин кабыл алынышына каршы. Анын оюнда, демократиялык кодекс бийлик өкүлдөрүнүн демократиялык жылт эткен көрүнүштөрдү чектөөгө кылган аракеттеринин бири.

Чолпонатада болчу курултайда саясий демилгелер да көтөрүлөөрү тууралуу сөз болууда. гезитине Рина Приживойт курултайда Аскар Акаевдин бийлигин 2007-жылга дейре узартуу маселеси да көтөрүлөөрүн жазып «МСН» чыкты. Айрым оппозициялык маанайдагы саясатчылар окуянын мындай жүрүшүн күтүүгө болот дешүүдө. «Жаңы Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Досбол Нур уулу курултайга делегаттар иргелип чакырылды деген пикирде:

- Азыркы бийликтен баарын күтсө болот. Кошоматчы «дүжүрлөрдү» даярдап коюш бат эле да. Алар мындай сунушту айтып коюшу ыктымал. Курултай бир заматта саясатташып, президентке жагынып калайын дегендер үчүн чоң мүмкүнчүлүк болуп берээрине да ишенүүгө болот.

Ушул күздө Кыргызстанда саясий көп өзгөрүүлөр болоорун айрым байкоочулар эскертишүүдө. «МСН» гезити Аскар Акаев курултайда айтылган сунуштарды жерге таштабайт деген оюн ортого салды. Ал эми Жогорку Кеңеш депутаты Ташболот Балтабаевдин пикиринде, курултай коомдук маанидеги саясий чечимдерди кабыл ала албайт, президенттин мөөнөтүн узартуу керектиги айтылганы менен ал жеке пикир бойдон калат. Ал эми Болот Жанузаков курултайда президенттин кетишин каалабаган атуулдар ушундай сунушту айтышы да ыктымал, делегаттардын оозун кантип жаап коёбуз, деп ийин куушурду.

XS
SM
MD
LG