Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Баткендеги семинар


БАТКЕН. Бүгүн Баткен облусунда ишин баштаган «Чыр-чатактарды жөнгө салунун ыкмалары» семинары 5 күнгө уланат. Германиянын техникалык кызматташтык боюнча агенттигинин Баткендеги долбоору уюштурган семинарга республиканын коопсуздук кеңеш катчысынын орунбасары Аскарбек Мамеев, облус аймагында иш жүргүзгөн эларалык уюмдардын, Өзбекстан менен Тажикстандын Баткенге коңшу аймактарындагы коомдук бирикмелердин жана жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Беш күндүк семинарда этностук чыр-чатактардын алдын-алуунун жана жоюунун ыкмалары, чыр- чатактарга себеп болчу жагдайларды изилдөөнүн жолдору талдоого алынат.

XS
SM
MD
LG