Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

ЛУКАШЕНКАНЫН МОСКВА МЕНЕН ОЮНУ ӨЗ ӨЛКӨСҮНДӨГҮ ОРУСТАРГА ЖАРДАМ БЕРЕБИ ЖЕ ЖҮРӨК ООРУГА САЛАБЫ?


Бүбүкан Досалиева, Прага Мурдагы СССР кулаары менен башка союздук республикалар сыяктуу эле өз эгемендигин жарыя кылган Беларус азыр Орусия менен биригүүгө умтулууда. Бул жаатта мамлекет башында турган Александр Лукашенканын аракети күч. Бирок, айрым байкоочулардын баамында, биримдик түзүлгөн күндө да Беларуста жашаган орустардын жашоосу жакшырып кетпейт, ага Беларустун өкмөтү негиз түзгөн жери жок деп жатышат.

Орусия менен Беларустун бийлик жетекчилери биримдик түзүүгө катуу аракеттенишкени менен анын качан толук ишке ашаары белгисиз. Өткөн жылдын ноябрында жана быйыл жазда эки мамлекеттин президенттери жолугуп, ич ара алаканы бекемдөө тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн менен биригүү боюнча Владимир Путиндин сунушуна Александр Лукашенка макул болгон эмес. Муну 30-июнда Александр Лукашенканын ушул жылдын 1-октябрынан тарта бирдиктүү акчаны жүгүртүүнүн биринчи баскычын баштоо жөнүндөгү макулдашууга моюн толгоп, кол койбой койгондугу күбө. Ал эми Орусия бирдиктүү акча киргизүүнүн 30 айлык долбоорун бекитип, аны 2005-жылдан тарта жүгүртүүгө камданып калды. Ушундан улам саясат таануучулар “Александр Лукашенка Орусия менен Беларустун Европа Биримдиги сыяктуу ынтымагын түзүүнү көздөп жатса, Владимир Путин “эки өлкөнүн экономикасынын өтө катуу арматуралары менен түптөлгөн бекем монолитти” курууга кыялданып калды» деп жатышат.

Бирок, Беларус биримдик түзүүгө негиз болуп берчү жагдайларды, маселен, Орусиянын атуулдары пайдаланчу укуктарды кеңейткен жери жок. “Азаттык” радиосунун Беларустун Минск шаарында жашаган кабарчысы Юрий Свирконун айтымында, Орусиянын бул өлкөдө жашаган атуулдары башка чет мамлекеттердин атуулдарына салыштырмалуу бюрократиялык бир катар жеңилдиктерди алууга укуктуу. Маселен, алар Беларуста жашоо укугун оңой ала алышат. Андан тышкары, орусиялыктар Беларуста турак-жай сатып алууга, жергиликтүү органдардын өкүлү болуп шайланууга жана аларды шайлоого укуктуу. Ал эми андан жогорураак бийлик өкүлдөрүн шайлоого же шайланууга аларга тыюу салынган. Ал тууралуу Юрий Свирко мындай дейт:

- Андай жеңилдиктер орусиялыктар үчүн чектелбегендигинин бир жөнү бар. Беларуста башка чет өлкөлүктөргө бай, бутуна туруп алган адамдар катары мамиле жасалат. Ал эми орустарга, менин оюмча, бир бүтүндүктүн жарымы сыяктуу мамиле жасалат.

Ал эми тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Андрей Савински абалды башкача түшүндүрүп, орусиялыктар башка чет өлкөлүктөргө салыштырмалуу абдан эле көп жеңилдиктерге ээ экендигин белгилейт:

- Беларустун атуулдарына берилген укуктардын баары аларга да берилген. Алар жергиликтүү атуулдардай эле укуктарды пайдалана алышат. Маселен, билим алууда, саламаттыгын чыңдоодо, балдарын балабакчаларга берүүдө жана социалдык жеңилдиктерди, мисалы үчүн, пенсиялык фонддон кызматынан пайдаланууга укук берилген.

Андрей Савинскинин ою боюнча, Орусия менен Беларус бириккен күндө да экөөнү коендой окшош же бирдиктүү бир мамлекет деп санагандай негиздердин түзүүнүн зарылдыгы жок:

- Андай келишим Орусия менен Беларустун биримдиги деп аталган ынтымакты пайда кылат. Натыйжада, бирдиктүү бир парламентти шайлап, мамлекеттин аталышын да өзгөртүүгө мажбур болобуз. Бирок, ар бир улуттун парламенти өз-өзүнчө шайлануусу зарыл.

Мына ушундай жагдайлар эки өлкөнүн биригишине жик салып турат. Президент Лукашенка келишимге кол коем деп ооз учунан айтып коюп, Владимир Путинди өз көйгөйлөрүн чечүүгө курал катары пайдаланууда деп да айтып жатышат. Беларустагы оппозиция Лукашенканы “адам укуктарын басмырлап, базар экономикасынын мыйзамдарын тааныбай жана өз атаандаштарын күч менен жоготуу саясатын жүргүзүп жатат” деп сындаган сайын, алардын оозун биримдик түзүү далалаты менен жаап, президенттик орунда үчүнчү мөөнөткө калууга аракеттенип жатат” деген ойлор да айтыла калууда. Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин өткөн жумадагы өкмөт жыйынында “Биримдиктин орток акчасын чыгаруу боюнча акыркы чечимди кабыл алууга убакыт жетти, аны мурда сүйлөшүлгөндөй же башкача чечишибиз керек”, - деп так кесе айтты.

Ал эми президент Лукашенка бирдиктүү акча жүгүртүлө баштаса Беларустун эгемендиги жоголуп, Орусия бардык тармакты өз колуна алат деп чоочулап, эки чоктун ортосунда эки анжы ойдо турат шекилдүү. Анткен менен ар дайым орусча сүйлөгөн Лукашенка орус атуулдарын өз жериндей сезүүгө үндөйт. Бирок, ал чакырык иш жүзүндө таасир берген жери жок. Ал тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Юрий Свирко мындай ойдо:

- Беларустун президенти Александр Лукашенка Орусиянын атуулдары Беларуста чет өлкөлүк болуп саналбайт деп жарыя кылган. Бирок, Беларуста жашаган орустар өзүлөрүн андай сезбейт.

XS
SM
MD
LG