Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:28

БУУ Багдаддагы кызматкерлеринин жарымын эвакуациялайт.


Америкалык кабар агенттиктери атын атагысы келбеген тергөөчүнүн айткандарына таянып, "Багдаддагы Бириккен улуттар уюмунун кеңсесин жардырууга ирактык күзөтчүлөр жардам берген" деген жоромолду жарыялашты. Вашингтондун өкүлдөрү 23 кишинин өмүрүн алган шейшембидеги чабуулдун башкы бутасы – БУУнун Ирактагы чабарманы Сержио Виейра де Мелло болгонун билдиришкен. Ал жерде куткаруучулар имараттын урандыларынын астынан адамдарды издөө иштерин улантууда. Бириккен улуттар уюму Багдаддагы өкүлчүлүгүндө иштеген кызматкерлердин жарым-жартылайы дем алыш күндөрү Иорданияга көчүрүлөөрүн жар салды. Аммандагы БУУнун кординатору Кристине МакНаб бул иш-чара шейшембидеги бомба жардыруусунан жараат алган 100 чакты кызматкерди Иорданияда дарылоо чечимине байланыштуу кабыл алынганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG