Линктер

шейшемби, 27-июнь, 2017 Бишкек убактысы 11:34

Израил Палестина жетекчилигинин элдешүү сунушуна макул келбеди


Израил бийликтери Палестин жетекчилигинин элдешүү өтүнүчүн “олутсуз сунуш” катары четке какты жана тынчтык сүйлөшүүлөрү улантылганга чейин палестиналык радикал топтор жок кылынсын деген талабын кайра кайталады.

Палестиналык радикал уюм “Хамас” да Палестин бийликтеринин элдешүү сунушун макул көрбөдү. “Хамастын” башчысы Абдилазиз ал-Рантиси үч күн мурда анын жардамчыларынын бири - Исмайыл Абу Шанапты жөөт аскерлери өлтүргөнүн айтып, “элдешүү жөнүндө сөз болууга мүмкүн эмес” деп билдирди. Израил армиясынын билдиришинче, палестиналык согушчандар бүгүн Газа секторунда алыс аралыкка учуучу жаңы ракетаны атышып, ракета Израилдин Ашкелон шаарына жакын жердеги жээкке келип түшкөн. Жарадар болгондор же ракетанын зыяны жөнүндө маалымат жок.

XS
SM
MD
LG