БИШКЕК. 25-август. Кыргызстанда бир эле мезгилде Орусия баш болгон жамааттык коопсуздук келишимине кирген жана АКШ жетектеген эларалык терроризмге каршы күрөшүүчү өлкөлөрдүн аскердик базаларынын жайгаштырылышы - Кыргызстандын соңку он эки жыл аралыгында жүргүзгөн тышкы саясатынын ийгилиги. Мындай пикирин дүйшөмбү күнү өткөн маалымат жыйында Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Абдрисаев билдирди. Анын пикирине караганда, Кыргызстан үчүн коопсуздукту камсыз кылуу өтө маанилүү. Ошондуктан, өлкөнүн коопсуздугун сактоо үчүн Орусия эле эмес, АКШ жана Кытай сыяктуу дөө-шаа өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүгүнөн туура пайдаланууга жетишүү керек.