Атышуулар маалында коалициянын бир солдаты жарадар болду. Бир нече күндөн бери Урузган вилайетинде масштабдуу операциялар жүрүп жатат. Мындан тышкары коңшулаш Кандагар жана Забул провинцияларын да талиптердин калган-каткан отряддарынан тазалоо үчүн рейддер өткөрүлүүдө. Ооганстандын тышкы иштер министри Абдулла Абдулла маң заттарынын соодасына каршы күрөштө дүйнө коомчулугун жергиликтүү өкмөткө активдүү көмөктөшүүгө чакырды. Ооган министри бул проблеманы жалпы региондун коопсуздугуна бүлүк салчу олуттуу фактор деп атады. Бул учурда Германия түндүк Ооганстандагы Кундуз шаарына аскер бөлүктөрүн жайгаштырууну пландаштырууда. Бирок бул үчүн адегенде эл аралык коопсуздук контингентинин мандатын кеңейтүү талап кылынат, деп билдирди бүгүн Берлинде канцлер Герхард Шрөдөр.