БИШКЕК. 28-август. Дүйнө кыргыздарынын 2-курултайына келген меймандардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Боом капчыгайынын чыгыш тарабынадагы Кызыл токойдо эстелик куруу үчүн бүгүн белги таш коюлду. Бул жерге Бедел ашуусунда 83 жыл мурда үркүндө курман болгон аялдын сөөгү алынып келип көмүлгөн. Эстелик 1916- жылдагы улуттук боштондук кыймылында Орусия империясынын баскынчылык саясатынын курмандыктарына арналып тургузулат. Курула турган мемориалдык комплекске жазуучу Касымалы Баялиновдун «Ажар» повестинде сүрөттөлгөн жети карышкырдын курчоосунда калган кыргыз кызынын айкели орнотулмакчы. Эстеликтин автору белгилүү бедизчи Тургунбай Садыков. Так эмес маалыматтарга караганда, 1916-жылдагы улуттук боштондук кыймылында 100 миңден ашуун кыргыздар курман болгон.