Маалымат агенттиктери билдиргендей, ирактык шийи мусулмандардын лидери, Ирактагы ислам революциясы кыймылынын Жогорку Кеңешинин башчысы, Аятолла Мохаммад Бакир ал-Хаким бомба жардыруусунан шейит кетти. Ирактын Нажаф калаасында жеңил машинеге катылган бомба жардыруусунан, айрым маалыматтар боюнча, 20дай киши жан таслим болду, жарадарлар да бар. Жардыруу – Мохаммад ал-Хаким өзүнүн тарапкерлери менен ирактык шийилердин ыйык жайларынын бири – имам Али мечитинде жума намазга жыгылышкандан кийин, ага жакын жерде орун алган. Ирактык шийилердин бир катар белгилүү өкүлдөрүнүн өмүрүн кыйган бул чабуул үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек.